Соцтармактагы нааразычылыктан кийин Бишкектеги мурал алмаштырылат

ЕККУ социалдык тармактардагы нааразычылыктан кийин Бишкектеги дубалга тартылган казакстандык модель Айа Шалкардын сүрөтүн алмаштырат.

«Бардыңыздарга пикирлериңиздер үчүн ыраазычылык билдиребиз. Пикирлер эске алынып, жаңы эскиз даярдалат»,- дешти уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү.

Буга чейин социалдык түйүндөрдө DOXA арт-тобу тарабынан даярдалган муралдын сүрөттөрү пайда болгон. Социалдык тармактын колдонуучулары сүрөттөн казакстандык моделди таанып, Бишкектин борбордук көчөсүндөгү сүрөткө казак кызынын образы тартылганына нааразы болушкан.