Жарандык активист, дизайнер Эрнис Жээнтаев Бишкек шаардык сотунун өкүмүнө ылайык 4 жылдык пробация менен сот залынан бошотулду. Бул тууралуу жарандык активист Аманбол Бабакулов соцтармактагы баракчасына жазды.
«320-берене боюнча толук акталып, 278-берене күчүндө калды. Эң негизгиси, эми үйүндө балдарынын кашында болот», — деп жазылат жарандык активисттин билдирүүсүндө.
Бир нече гезиттерде дизайнер болуп иштеген Эрнис Жээнтаев 2025-жылдын ноябрь айында кармалган. 2026-жылдын февраль айынын ортосунда сот аны алты жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.