Соцтармактагы пикири үчүн соттолгон Эрнис Жээнтаевге апасын узатуу зыйнатына катышууга уруксат берилди

Массалык баш аламандыкка чакырык кылуу беренеси боюнча соттолгон Эрнис Жээнтаев апасынын тажиясына катышуу үчүн убактылуу бошотулду.

Анын оор дарт менен жабыркап жүргөн апасы бүгүн, 27-февралда каза болду. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең Ысык-Көл облусунун Темир айылында өтөт.

Бир нече гезиттерде дизайнер болуп иштеген Эрнис Жээнтаев 2025-жылдын ноябрь айында кармалган. 2026-жылдын февраль айынын ортосунда сот аны алты жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.