«Согушка барууга мажбурлаган эмес». ТИМ кыргызстандык жигиттин Москвада эмнеге кармалганын айтты

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын жаранын Украинадагы согушка катышууга мажбурлап жатканы боюнча кыргыз ЖМКларында тараган маалыматты төгүндөдү.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Орусиянын бийлигинен алынган маалыматка караганда, 2-апрелде Н.Т. баңги каражаттарын, психотроптук заттарды же алардын окшошторун мыйзамсыз өндүрүү, сатуу же жөнөтүү, ошондой эле баңги каражаттарын же психотроптук заттарды камтыган өсүмдүктөрдү же алардын курамында баңги каражаттарын же психотроптук заттарды камтыган бөлүктөрүн мыйзамсыз сатуу же жөнөтүү беренеси менен кармалганын, соттун чечими менен камакта калтырылганын билдирди.