Сөгүнүп сүйлөгөнү үчүн камалган блогер Жанара Осмоналиева бошотулду

Сөгүнүп сүйлөгөнү үчүн 3 суткага камакка алынган блогер Жанара Осмоналиева бошотулду. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Буга чейин милиция маалымат таратып, 16-июнь күнү социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда “zhanxo” өзүнүн инстаграм баракчасында адепсиз, оозго алгыс сөздөр менен коштолгон видео жарыялаганы аныкталганын билдирген. Жыйынтыгында 1993-жылы туулган О.Ж. аттуу жаран Тергөө кызматына жеткирилип, тиешелүү аймагы боюнча Ленин РИИБге жөнөтүлгөн. Ленин райондук сотунун чечими менен Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (майда бейбаштык) менен 3 суткага камакка алынган.