Сойкуканада иштеген кыздардын бети ачык сүрөттөрү. Мурдагы Акыйкатчы сынга алды (видео)

УКМК Бишкек шаарында жана Чүй облусунда бир нече сойкуканада 130дан ашуун кыз-келиндердин аныкталганын маалымдап, пресс-релиз менен кошо алардын бети ачык көрүнгөн сүрөттөрүн, паспортторун кошо жарыялады. Бул коомчулуктун көз жаздымында калган жок. Соцтармактын колдонуучуларынын көбү кыз-келиндердин сүрөтү ачык көрсөтүлгөнүнө нааразычылыгын билдиришүүдө. Бирок сабак иретинде алардын сүрөтү жашырылбай берилгенин колдогондор да бар.

УКМК тараткан маалыматта кыздардын бетин жаппаган себебин түшүндүргөн. «Мындай мыйзамсыз иштерди уюштурууга же жасоону көздөп жүргөн адамдарга профилактикалык таасир көрсөтүү, ошондой эле аларга эскертүү иретинде УКМК кармалган сойкуканалардын ээлеринин жана анда иштеген кыздардын сүрөттөрүн жарыялайт», — деп жазылган маалыматта.

Муну мурдагы Акыйкатчы Атыр Абдрахматова кескин сындап, бети ачык жарыяланган кыздар корголушу керектигин айтты.