Сойкулук менен күрөшүү: Район акими менен Биринчи Май РИИБдин бөлүм башчысы кызматтан алынды

Бүгүн, 25-декабрда УКМКнын Чүй облусу боюнча Москва райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын расмий ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышты.

УКМК төрагасы мыйзамсыз интимдик кызмат көрсөтүүчү жайлардын ишин бөгөттөө боюнча оор иштер жүрүп жаткандыгын, анын алкагында жакында эле Биринчи Май райондук Ички иштер башкармалыгынын 8-шаардык милиция бөлүмүнүн жетекчиси жана Биринчи Май районунун акими жумуштан алынып, 10го жакын милиция кызматкерлерине, мэрия жана УКМКнын айрым кызматкерлерине катуу чаралар көрүлгөнүн маалымдады.