“Сокенин инаугурацияга катышууга укугу жок!”: Ак Үйдүн алдында митинг өттү

Бүгүн, 27-январда Ак Үйдүн алдына экс-президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурацияга чакырылышына каршы болгондор митингге чыгышты. Садыр Жапаровдун президенттик кызматка киришүү аземи эртең, 28-январда өтөт.

Акцияга чыккандар Сооронбай Жээнбековду пандемия учурундагы адам өлүмүнүн саны көбөйүп кеткенине айыптап, анын бир тууганы Асылбек Жээнбеков экөөнү камакка алууну талап кылышты.

Алардын айтымында, мурунку президент жоопко тартылышы керек.