«Сөккөнү намысыма тийди». Депутат Бакиров Ташиев менен болгон кайым айтышуу тууралуу үн катты

Депутат Өмүрбек Бакиров УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен парламентте болгон кайым айтышуу тууралуу комментарий берди.

«17-ноябрда Жогорку Кеңеште кыргыз-тажик чек арасы боюнча документтерди ратификациялоо күн тартибине киргизилген. Ошол маселе каралды. Ар кандай суроолор болду. Мен да өзүмдүн суроомду бердим. Канал боюнча суроолорума жооп берип жатып, эмоцияга алдыртып, копол жооп берди. Ошол жерде Керкидан суу сактагычы боюнча кемчилик кетиптир деди. Кемчилик кетирген жетекчилердин атын атап койбойсузбу десем, башталып кетти. Энеден түшүп, сөгүнүп жатпайбы. Бул намыска тийип, ашыкча болуп кетти. Мамлекеттик жетекчи адам мындайга барбаш керек. Эл өзү баасын берет. Аялга, энеге болгон мамилесин өзү көрсөтүп койду. Кудай жазасын берсин. Кудай өзү таразалайт. Намысыма тийди, жүрөгүмө катуу тийди. Эми мушташып кете жаздаган боюнча, эми ал балдар кошоматтанып чыга калды да. Аларга көңүл бурбайм», — деди ал.