Сокулук районундагы мунай базасындагы жарылуудан 4 адам жабыркады

Бүгүн, 20-июнда Сокулук районунун Шопоков шаарында мунай базада мунай продуктулары бар 1 цистерна жарылып, Чүй облусунун саламаттыкты сактоо координатору Бактыгүл Мамытованын алдын ала маалыматы боюнча, анын кесепетинен 4 адам жабыркаган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты.

Ар кандай даражадагы күйүк алган төрт жабырлануучу тез жардам кызматы менен Сокулук районунун Жалпы дарыгердик практикалык борборуна жеткирилген. Жабырлануучулардын бири оор абалда жандандыруу бөлүмүнө, үчөө травматология бөлүмүнө жаткырылды (экөө орточо, бирөө канааттандырарлык абалда). Жабырлануучуларга керектүү дары-дармек, кан компоненттери жетиштүү көлөмдө бар. Санавиация аркылуу Бишкек шаарынан комбустиолог менен бирге бригада жиберилди. Жеринде 3 Тез жардам бригадасы иштеп жатат.