Сокулукта 15 жаштагы курбу кыздар 4 күндөн бери дайынсыз болуп жатышат

Сокулук РИИБдин кызматкерлери 2006-жылы туулган кыздар Иманказы кызы Зыйнат менен курбусу Замирбек кызы Айсезимди издеп жатышат.

Алар 14-ноябрда саат 13:00дө Военно-Антоновка айылындагы үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып барышкан эмес. Иманказы кызы Зыйнаттын бою 155 сантиметр, көздөрү күрөң, чачы узун, арык чырай, кара тору. Оң колунун сөөмөйүндө тырыгы бар. Ал жашыл түстөгү куртка, ак жинсы, кара спорттук бут кийим кийип кеткен. Замирбек кызы Айсезимдин бою 150 сантиметр, чачы кара, узун, орто дене түзүлүштө, ак жуумал. Жыл мезгилине жараша кийинген.

Маалыматыңыздар болсо, 0(312) 60-75-67, 0(700) 63-63-00, 0(701) 80-18-03 номурларына кабарлап койсоңуздар болот.