Сокулукта 16 жаштагы кызды зордуктаган делген кишинин үй-бүлөсү айылдан көчүп кетти

Сокулукта 16 жаштагы кызды зордуктаган делген кишинин үй-бүлөсү айылдан көчүп кетти. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине жабырлануучунун атасы билдирди.

«Шектүүнүн үй-бүлөсү айылдан көчүп кетишти. Менимче, Бишкекке кетишти окшойт»,— деди ал.

7-декабрда Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылынын тургундары 16 жаштагы кыздын зордукталышына байланыштуу аксакалдар сотуна чогулушуп, шектүүнүн үй-бүлөсүн башка жакка көчүрүүнү талап кылышкан. Ага 3 күн убакыт беришип, болбосо, жазалоого чыгабыз деп коркутушкан. Бирок шектүүнүн атасы каршы болуп, көчүп кете албастыгын айткан болчу.