Сокулукта 16 жаштагы кыздын зордукталышы. Шектүүнүн үй-бүлөсүнө айылдан чыгып кетүү талабы коюлду

Бүгүн, 7-декабрда Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылынын тургундары 16 жаштагы кыздын зордукталышына байланыштуу аксакалдар сотуна чогулушту. Айыл тургундары шектүүнүн үй-бүлөсүн башка жакка көчүрүүнү талап кылып, 3 күн убакыт беришти. Болбосо, жазалоого чыгабыз деп коркутушту. Бул тууралуу жеринен SUPERTV телеканалынын кабарчысы билдирди. 

Жабыркаган кыздын кошунасынын айтымында, шектүү кан төгүү болбосу үчүн көчүп кетиши керек. Айылдын башка тургундары кармалган адам экинчи жолу зордуктоо фактысы боюнча кылмыш жообуна тартылып жатканын билдиришкен. Бир нече убакыт мурун үй-бүлөсү биринчи жабырлануучунун жакындарынан кечирим сурап келгендиктен бошотулган. Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаев айыл тургундарын мыйзамды сактоого чакырды.

Кечээ, 6-декабрда милиция маалымат таратып, Сокулукта 16 жаштагы кыздын зорлукталганын билдирген эле. Маалыматка караганда, кыздын атасы милицияга кайрылып, 5-декабрь күнү эртең менен анын 2004-жылы туулган кызын белгисиз бирөө Бишкек шаарына жумушка жеткирип коюуга убада кылып, жолдон күч колдонуп, зордуктап салганын билдирген.