Сокулукта 19 жаштагы Гүлбарчын Бактыбек кызы дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу журналисттерге анын жакындары билдиришти.
Маалыматка караганда, кыз Сокулуктагы үйүнөн чыккан бойдон кайтып барган эмес. «Ата-энеси каза болуп калган. Бир туугандары Орусияда. Өзү Бишкектеги ЖОЖдо 1-курста окуйт. Акыркы жолу бир тууган агасы менен сүйлөшкөн экен. Ал эми курбуларына ал 25-апрелде турмушка чыгарын айткан», — деп айтылат маалыматта.
Байланыш номурлары: 0709 98 02 21