Чүй облусунун Сокулук райондук ички иштер бөлүмү дайынсыз жоголгон 1987-жылы туулган Тахмина Турсункуловага издөө салат. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, ал 9-июнда Сокулук районунун Новопавловка айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон белгисиз.
Белгилери: бою 160 сантиметр, толугураак, чачы кара түстө, ийинине чейин.
Кийимдери: үстүндө кызыл түстөгү жеңи кыска көйнөк, алтын түстөгү жайкы бут кийим.
“Тахмина Турсункулованын кайда экенин билгендер болсо, төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар: Чүй ОИИББнин нөөмөт бөлүмү (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, Сокулук райондук милициясынын нөөмөт бөлүмү (0312) 60-75-67, 0558 86 14 86, 0708 89 13 14 (издөө тобу)”, — деп айтылат маалыматта.