Сокулукта Асел Кадырмамбетова үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жатат

Сокулук районунда Асел Кадырмамбетова изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

16-июнь күнү Ысык-Көл РИИБге 1987-жылы туулган жаран кайрылып, 2002-жылы туулган кызы Кадырмамбетова Асел Таштанбековна дайынсыз болуп жатканын билдирип, издөөгө көмөк көрсөтүүнү суранган.

Берилген маалыматка ылайык, 13-июнда болжол менен саат 15:10 чамасында Асел Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Кожомкул айылындагы Колхозная көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра кайтып барган эмес. Учурда анын кайда экени белгисиз.

Сүрөттөгү кызды көргөндөр болсо, 0 (3134) 5-33-80, 0 (312) 60-75-67, 0 (701) 80-18-03 номурларына чалсаңар болот.