Сокулукта Эрлан Мусабаев 21-марттан бери дайынсыз болуп жатат

Сокулук РИИБ тарабынан Мусабаев Эрлан Бектурович изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 2-апрелде Сокулук РИИБге жаран кайрылып, анын 1989-жылы туулган агасы 21-марттан бери дайынсыз болуп жатканын билдирген. Ал Сокулук районундагы Селекционное айылындагы үйүнөн чыккан бойдон кайрылып барган эмес.

Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көргөн болсо, 0312 607567, 0558 86-14-86, 0554507888 номурларына чалсаңыздар болот.