Сокулукта көгала болуп сабалган баланын абалы кандай? Башкы дарыгердин жообу

Сокулук райондук ооруканасынын башкы дарыгеринин айтымында, баланын денесине залал келтирилген, жыныстык мүчөсү бүтүн (жабыркаган эмес), бирок көк ала тактар бар. Бул тууралуу башкы дарыгерге шилтеме берүү менен «Баланын укугун коргоочулардын лигасы» коомдук фонду жазып чыкты.

Ал эми коомдук фонддун кызматкерлери сабалган балага укуктук жардам көрсөтүшөрүн айтышты. «Тараптар баланын ата-энеси менен да жолугушуп, алардын арызынын негизинде балага укуктук жардам берүү чечими кабыл алынды»,- деп айтылат маалыматта.

3-февралда Сокулуктагы ооруканага 2020-жылы туулган бала дене жаракаттары менен түшкөнү маалым болгон. Чүй облусунун саламаттыкты сактоо боюнча координаторунун айтымында, бала реанимация бөлүмүнө баш мээсинин жабык жаракаты, бетинин, буту-колунун жаракаттары, бети жана моюну көгөргөн жана сыйрылган, эки колунун инфекциялуу жарааты менен жаткырылган. Кылмыш иши козголуп, наристени сабоого шектелип 34 жаштагы жаран кармалган.