Сокулукта ойногону чыккан бойдон дайынсыз болуп жаткан бала табылды

Милиция кызматкерлери изделип жаткан 7 жаштагы Амирди таап, ата-энесине өткөрүп беришти. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

1-сентябрда Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө Военно-Антоновка айылынын тургуну кайрылып, 2017-жылы туулган уулу 1-сентябрь күнү саат 16:20 чамасында ойногону чыгып, ошол бойдон кайтып келбегенин билдирип, издеп табуу өтүнүчү менен кайрылган.

Бүгүн, 2-сентябрда Сокулук РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, дайынсыз жоголгон 7 жаштагы бала табылып, ата-энесине өткөрүп берилди.