Сокулукта окуучунун көз жумушу. Министрлик окуя сабактан тышкаркы убакта болгонун билдирди

Буга чейин Чүй ОИИБ маалымат таратып, Сокулукта 9-класстын окуучусунун өлүмүнө 16 жаштагы бала шектелип жатканын билдирген. Окуя боюнча Билим берүү министрлиги маалымат берди.
«Окуя 5-сентябрда сабактан тышкаркы убакта болгон. Балдар бул күнү сабактан кийин мектептен чыгып кетишкен. 2008-жылы туулган Б.С. аттуу бала мектептен 2 чакырым алыстыкта жайгашкан жерге 9-класстын окуучуларын (болжолдуу 25-30 бала) чогулткан. Анда өз ара чечишип алган соң, 20дай бала кетип калган. Б.С. аттуу бала калган балдарды тизип алып уруп жатканда, 2009-жылы туулган бала өзүн жаман сезип, эсин жоготкон. Балдар ошол жерден ага жасалма дем алдыруу жасап, бетине суу чачышкан, бирок бала өзүнө келбегендиктен Тез жардам чакыртышкан.

Аталган окуяга байланыштуу кылмышка шектүү катары 2008-жылы туулган жаран кармалып, Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза даярдалып, Сокулук РИИБ тарабынан тергөө иштери жүрүүдө. Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 40-беренесинин 4-пунктуна ылайык, ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) билим берүү уюмунун аймагынан тышкары жана окуу убактысынан тышкары жүргөн билим алуучулардын ден соолугу жана өмүрү үчүн толук жоопкерчилик тартышат», — дешти.