Сокулукта секелекти кошунасы зордуктоого аракет кылган окуя. YouTube каналдардын бири эскертүү алды

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Эл билсин” YouTube каналын жүргүзгөн, өзүн журналист деп тааныштырган Али Эргешовго эскертүү бергенин билдирди.

«16-августта “Эл билсин” YouTube каналына “9 жаштагы кызга чын эле ыдык көрсөткөнбү?” аталышындагы, анык эмес маалымат камтылган репортаж жарыяланган. Бул репортажда журналисттик ишке байланыштуу мыйзамдардын талаптары одоно бузулган. Жарыяланган бул видеоматериалдын башында ыдык көрдү деген кыздын апасынын сөзүнөн үзүндү коюлуп, анын артынан 4 адамдын пикири тизмектелген. Алар бир ооздон шектүүнүн жакшы адам экенин айтышкан. Бирок материалдын өзүндө ал адамдардын толук пикири колдонулган эмес. Муну менен автордун жабырлануучу тараптын дооматын жокко чыгарууга аракети байкалат. Кыска айтылган мактоо сөздөрү көрүүчүнү манипуляциянын курмандыгы кылышы ыктымал. Автор материалды даярдоодо аудиторияга өзүнүн пикирин бир нече ирет таңуулаган. Ал “ыдык көргөн кыз ыйламак, качмак, ызы-чуу салмак” деп бүтүм чыгарып, бул багытта адистердин, эксперттин пикирин же расмий мекемелердин маалыматын уккан эмес.

Мындай жагдай материалдын бейтараптуулугунан күмөн жаратат. Кесиптик этиканын 8-пунктундагы талаптарды бузуп, окуяны бир тараптуу чагылдырган. Мындан тышкары, Балдар жөнүндө кодексинде жашы жете электердин укугу өзгөчө корголгон. Алардын келечегине зыян келтирбөө үчүн Журналисттердин этикалык кодексинин 12-пунктунда балдарга байланыштуу маселелерди чагылдырууда өзгөчө этият болуу зарылдыгы белгиленген.

Али Эргешовдун материалында видеобайкоого жазылган видеолор колдонулуп, жашы жете элек балдардын бети жабылган эмес. Жогоруда баяндалгандардын негизинде, министрлик бирдиктүү маалыматтык мейкиндикти камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары жарандардын анык маалыматты алууга болгон конституциялык укугун сактоо максатында Али Эргешовдон YouTube каналына жарыяланган жогоруда аталган материалды ыкчам алып салуу шарт экенин билдиребиз. Бул көрсөтмө аткарылбаган учурда министрлик Али Эргешовго карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчилик чараларын көрөт»,- деп айтылат маалыматта.