Сокулукта зордук-зомбулукка кабылган балага бийлик өкүлү барды

Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекова бүгүн, 5-февралда зордук-зомбулукка кабылып, Сокулуктагы жалпы медициналык практика борборуна жаткырылган наристеден кабар алды. Иш-чарага президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Светлана Волкова, Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаев, Сокулук райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын жана Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери катышты.

Жолугушууда ыйгарым укуктуу өкүл баланын ден соолугунун абалы менен таанышып, дарылоочу дарыгер менен баарлашып, баланын атасынын пикирин угуп, ал жагдай боюнча айтып берди. Бул факты Сокулук районунун ички иштер башкармалыгына катталып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Бардык тиешелүү кызматтарга Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө жободо каралган ыйгарым укуктарга ылайык, Жыпарыса Рысбекованын ыйгарым укуктарынын чегинде тапшырмалар берилди, тактап айтканда, үй-бүлөнү социалдык жактан колдоого алуу боюнча иштерди тез арада уюштуруу тапшырылды. Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү жана Сокулук райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан бардык керектүү жардамдар көрсөтүлөт. Ошол эле учурда, бул маселе балдар иштери боюнча комиссияда каралат. Бул факты Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу органдын көзөмөлүндө, тиешелүү кызматтар тарабынан зарыл болгон медициналык, психологиялык, укуктук, социалдык жана башка жардамдар көрсөтүлөт.