Сокулуктагы 5-6 жылдан бери курулушу бүтпөгөн мектеп. Тургундар президентке кайрылды

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүйдөгү Сокулук районуна карашту Жаңы-Жер айыл өкмөтүндөгү Западное айылынын тургундары кайрылып, президент Садыр Жапаровго үнү жетпей жатканын айтышты.

Алардын айтымында, айылдагы мектептин курулушу 5-6 жылдан бери бүтүрүлбөй келет. «Биздин окуучулар 5-6 чакырым алыстыкка барып окуп келишет. А биздин айылдагы мектепке кыш коюлган бойдон турат. Стадионду бузуп, мектеп салып беребиз дешкен. Качан бүтөрү белгисиз. Кичинекей «чарчап» калган мектебибиз бар, бирок ал жакта 4-класска чейин эле окутат», — дейт видеонун автору.

Алар ошондой эле 30 жылдан бери жамалбаган жолунун видеосу менен бөлүштү. «Биз өлкө башчыга кайрылабыз. Биздин үнүбүздү угуп коюңузчу», — дешти тургундар.