Чүй облусунун Сокулук айылындагы мыйзамсыз менчиктештирилген дан тегирмени мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү иш-чаралардын жыйынтыгында Чүй облусунун Сокулук айылында жайгашкан сметалык баасы 331 миллион 391 миң сомдук дан тегирмени, 2,4 га жер аянты менен мамлекетке кайтарылды.
Белгилүү болгондой, «Колос» дыйкан чарбасынын төрагасы 2023-жылдын 22-ноябрында 13 дыйкан чарбанын кызыкчылыгына каршы 2,4 гектар болгон дан тегирменин өзүнүн наамына мыйзамсыз түрдө каттатып алган.