Сокулуктагы абакта асынган абалда табылган жаран. Милиция денесинде тактар болбогонун айтты

Кечээ, 2-апрелде Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайынын камерасында алдамчылыкка шектелип кармалган 41 жаштагы жаран асынган абалда табылган.

Окуянын жагдайлары такталып, кызматтык текшерүү башталды. Текшерүүнүн жүрүшүндө тийиштүү кызматкерлердин кыймыл-аракеттерине баа берилип, күнөөлүүлөргө чаралар көрүлөт. Процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн материалдар тиешелүү органдарга жөнөтүлөт”, — дешкен ИИМден.

Чүй ОИИБ маалымат таратып, текшерүү учурунда жарандын издөөдө жүргөнүн жана 30-мартта кармалып, Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин билдиришти. «Жансыз денени кароо учурунда эч кандай тактар табылган эмес жана бул факты боюнча бардык зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалган», — дешти.