Сокулуктагы убактылуу кармоочу жайда асынып алган шектүү. Кимдер кызматтан кетти?

Сокулук РИИБдин башчысы жана орун басары ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Ички иштер министрлиги тарабынан 2-мартта Сокулук РИИБдин убактылуу кармо жайынын камерасында суицид фактысы боюнча жооптуу кызматкерлерге карата кызматтык териштирүү жүргүзүлгөн. Териштирүү менен укук коргоо органдарынын Тартиптик уставынын талаптары бузулгандыгы, ишенип берилген өздүк курамдын арасында мыйзамдуулуктун жана кызматтык тартиптин сакталышына жетиштүү көзөмөл болбогондугу, кызматкерлердин ишин регламенттеген бир катар нускамалардын талаптары бузулгандыгы аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча ички иштер министрлигинин буйругу менен иш-аракеттери, кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы, ишенип берилген өздүк курамдын кызматтык ишине тийиштүү көзөмөлдүн жоктугу үчүн Сокулук РИИБдин башчысы Уран Шамбетов жана анын орун басары  Максат Иманалиев, нөөмөт бөлүмүнүн улук нөөмөтчүсү Дүйшөнбек уулу Тилек ээлеген кызматтарынан төмөндөтүү менен бошотулду.  Ушул эле буйрук менен ИИМ, Чүй ОИИББдин 2 жетекчисине жана 5 кызматкерине тартиптик жаза берилди.