Сокулуктагы зордуктоо окуясы. “Балам жазасын алсын, бизди кечиргиле” дейт шектүүнүн жакындары

Бишкек шаарына чейин ала кетүүнү убада кылып, унаасына салып, жарым жолдон күч колдонуп, зордуктаган 31 жаштагы кылмышка шектүүнүн ата-энеси күтүлбөгөн окуядан улам жабырлануучу кыздын жакындарынан жана айылдаштарынан кечирим сурады

«Биз балабызды актап алалы деген оюбуз жок, кылмышты кылгандан кийин өз жазасын тартсын. Баланы өстүрдүк, окуттук, келинчек алып бердик. Эми мына минтип эл караган бетибизди жер каратып отурат, элим бизди кечиргиле», — дейт шектүүнүн ата-энеси.