Соң-Көлгө мыйзамсыз салынган торлорго өрдөк, балыктар түшүп калган (видео)

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары 20-июлдан 28-июлга чейин Соң-Көлдү балык уулоочу торлордон жана ар кандай таштандылардан тазалашты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Алар буга чейин 2023-жылдан тарта көлдүн түбүн тазалоо иштерин жүргүзүп, балык уулоочу торлордон жана ар кандай таштандылардан арылтышкан. Бүгүнкү күндө суучулдар 7 күн Нарын облусунун Соң-Көлүнүн 53113,43 аянтын толугу менен тазалап, 3000 метр мыйзамсыз салынган торлорду чыгарышты. Ошондой эле, видеодон көргөндөй суучулдар торго түшүп калган өрдөк, балыктарды коё беришти.