Соңку 3 айда өлкөдө коронавирус жуктургандардын көбүнөн индиялык түрү аныкталды

Соңку 3 айда өлкөдө коронавирус жуктургандардын 70 пайызынан индиялык түрү аныкталды. «Дельта» штамм деп аталган коронавирустун бул түрү өтө жугуштуу болору маалым. Бул тууралуу Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башкы адиси Султан Суранбаев изилдөөнүн жыйынтыгына таянып, журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда июль айына чейин негизинен британ штаммын жуктургандар көп болгон. Коронавирустун бул түрү бейтаптардын 85 пайыздын ашуунунан аныкталган.