Соңку жылдары Сауд Арабиядан Кыргызстанга келген жер кезерлердин саны көбөйүүдө

Соңку жылдары Сауд Арабия менен Кыргызстандын ортосундагы туристтик сапарлардын өсүүсү байкалып жатат. Бул тууралуу Сауд Арабиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Ибрахим бин Ради бин Абдурахман Аль-Ради кечээ, 19-октябрда биринчи медиафорумда айтып өттү. Иш-чара эки өлкөнүн ортосундагы алаканын орногонуна 30 жыл болгонуна арналып уюштурулду.

Элчи кыргыз-сауд мамилесинин өнүгүүсү жогорку деңгээлге жеткенин билдирди. Бүгүнкү күндө бирдиктүү кыргыз-сауд комитети иш алып барып, ал түрдүү тармактарда эки тараптуу мамилени бекемдөө максатында түзүлгөндүгү белгиленди.

Элчинин айтымында, Кыргызстан көз карандысыздык алгандан бери Сауд Арабиянын өкмөтү жолдор, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана башка бир катар тармактардагы долбоорлорду каржылап келет. «Мындан ары да Сауд Арабиянын өкмөтү грант жана кредит иретинде түрдүү тармактардагы долбоорлорду ишке ашырууда Кыргыз өлкөсүнө жардам берүүгө кызыкдар», — деди ал.