Соода борбордогу жарылуучу зат тууралуу жалган маалымат берген келин камакта калтырылды

Биринчи Май райондук соту Бишкектеги «Айчүрөк» соода борборундагы жарылуучу зат тууралуу жалган маалымат берген келинди камакта калтырды. Райондук соттун басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 1994-жылы туулган келин 22-августка чейин камакта болот.

Телефон аркылуу терроризм тууралуу жалган маалымат билдирген аял кармалганын 10-августта УКМКнын басма сөз кызматы билдирген.

9-августта милиция кечке маал «Айчүрөк» соода борборунун кардарларын жана кызматкерлерин шашылыш сыртка чыгарышкан. Ага соода борборунда бомба бар экени жана адамдар барымтага алынганы тууралуу анонимдүү маалымат себеп болгон. Милиция кызматкерлери соода борборун курчоого алышкан. Бирок жарылуучу зат тууралуу маалымат тастыкталган эмес.