Соода түйүндөргө кумшекердин килограммын 54 сомдон сатуу сунушталды

Мамлекеттик жөнгө салуунун жана социалдык маанилүү товарларга бааны стабилдештирүүнүн алкагында Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги негизги азык-түлүк товарларына бааны ооздуктоо боюнча иш алып барууда. Бул тууралуу мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бааларга мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгында, кумшекердин республикада орточо базардагы чекене баасы килограммы үчүн 61,9 сомду түзгөнү белгилүү болду. Ошол эле учурда чекене түйүндөр үчүн «Кошой» ААК менен биргеликте дүң сатуу баасы бир килограммы 52 сомго чейин төмөндөтүлдү.

«Ошондуктан, мамлекеттик агенттик чекене соода түйүндөрүнө кумшекерди 54 сомго чейин сатууну сунуштады», — деп айтылат билдирүүдө.