Мындан 5 ай мурда, тактап айтканда, февраль айында Түркиядагы жер титирөөдө 37 жаштагы кыргызстандык келин Мадина Бактачыева каза болгон. Анын сөөгү Кыргызстанга жеткирилип, Токтогулдагы Өзгөрүш айылында жерге берилген.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги маркумдун бир тууган эжеси менен байланышып, сиңдисин эскерүүнү туура көрдүк.
«Мен эң улуу эжеси болом. Биз 4 кыз, 1 уул бир тууганбыз. Атам жаш кезибизде каза болгон. Апам бар. Мадина кыздардын кичүүсү, эрке сиңдим эле. Анын каза болгонуна 5 айдын жүзү болсо да күтөм. Биз үчүн өтө оор күндөр өтүп жатат. Апам чалган сайын ыйлайт, энеге баласынан ажыроо өтө кыйын экен.
Сиңдим турмушунан ажырап, 1 баласы бар эле. Ошол баласына үй алып берем деп 2019-жылы кеткен. Ал үйдөгүлөрдөн башкача тарсылдаган, таптаза, өзгөчө боорукер, берешен, ак көңүл кыз эле. Баарыбызга жардамын аячу эмес. Чет элде экөөбүз болгон үчүн, мага өтө жакын эле.
Бир күндө көп жолу сүйлөшүп турчубуз. Эми минтип үнүн укканга, караанын көргөнгө зармын. Май айында баласы 11-классты бүткөндө келем деп даярданып жүргөн. Үй алам деп чогулткан акчасы өзүнө буйрубады. Акыркы түнү 5-февралда көпкө чейин сүйлөшкөнбүз. Эртең менен туруп эле интернетти карасам, Түркияда жер титирөө болуптур. Дароо эле сиңдиме чалсам, телефону өчүк. Жүрөгүм шуу деди. Эч качан телефону өчүк болуп калчу эмес. Мындан мурун бир нерсе болсо, «сарсанаа болбогула, мен аман-эсенмин» деп чалчу. Мында чалсам такыр өчүк, анан Фейсбуктан пост жазып издей баштадым. Түркияда жашаган кыздар «биз чалып берели номур бериңиз» дегенде номур берсем өчүк. Үстүмдөн муздак суу куйгандай туруп калдым. Эч элестете албай, күчүгүмдү өлүмгө эч ыраа көрбөдүм. Бир жерде басылып калат деген үмүт бар эле. Баары эле качып чыгып атат десе, бир жерден чыгып калат деп күттүм.
Сиңдим Түркияда карыяны багып иштечү. Ал каза болгон күнү ошол карыя, анын 2 кызы жана күйөө баласы, кичинекей баласы алтоо каза болушту. Карыянын бир баласы Анкара шаарында турчу, ошону таап, ошол аркылуу каза болгонун угуп, ошол аркылуу урандынын алдынан чыгарып беришти. Бул жакка жерге берели дегенде болбой койдум. 9-февраль табылды, 12си Бишкекке келип, 13ү жерге берилди. Ага чейин апама айта албай отурдук.
Кыргыз кыздар менен Анталияга учуптур, буйруса келип калат деп жаттык. Баарынан алыстан өлүктү күткөн жаман экен. Апам тирүү келет деп күтүп аткан, кийин угузганда аябай жаман болду. Ошондогу апамдын акыбалын айта албайм, мен өзүмдү жоготуп салыпмын. Ошентип каргашадан кагылайын сиңдимден ажырап калдык. Жалгыз уулу окуусун бүтүрсө окууга окутам, ошонун бүтөрүнө барайын деп жаткан. Бишкектен үй алам деген акчасы, алтындары ошол жерде калды, буйруган эмес экен. Айлабыз жок, сөөгү ошол жакта калбай, атамдын жанына келгенине шүгүр деп отуруп калдык. Бирок ичибиздин ачышканы, жок дегенде баласын, апамды бир көрүп кетсе да арманыбыз болбойт беле. Эстеген сайын ичим өрттөнүп, каңырыгым түтөп кетет. Бакырып, бакырып ыйлап, эс алам. Мага өтө жакын эле, сырдашым эле. Кудай бейишинен орун берсин деп дуба кылуудан башка айла жок экен», — деди сыздаган эжеси.