Министрлер кабинети Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин токтом менен бекитти. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Мындай чечим көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоо эрежелерин, анын ичинде шарттарын, мөөнөттөрүн, наркын жана тариздөө жол-жобосун аныктайт.
Тартиптин максатты – жарандардын сөөгүн жайга кадыр-барктуу коюуга болгон укуктарын камсыз кылуу, санитардык, экологиялык, шаар куруу жана диний-маданий ченемдерди сактоо, көрүстөндөрдү эсепке алууну жана натыйжалуу башкарууну системалаштыруу, кызмат көрсөтүүнүн жана пайдалануунун ачык-айкын механизмин түзүү.
Документтин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз чечимдерин токтомго ылайык келтирет. Ал эми, бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Брондоо баасы эсептик көрсөткүчкө жараша: Бишкекте 100 миң сом, облустук маанидеги шаарларда 75 миң сом, райондордо жана айылдарда 50 миң сом. Мындан тышкары, кошумча кызматтар үчүн коэффициент кошулат. Арыз «Түндүк» системасы аркылуу берилип, брондоо мөөнөтү узартуу укугу менен 10 жылды түзөт. Бронду сатууга аракет кылгандардын келишими жокко чыгарылат.