26 жаштагы келиндин агасы: «Сөөктү бербейбиз, эшигиңдин алдында кантип отурам дедим»

29-сентябрь күнү Бишкек шаарынын Чокморов көчөсүндөгү батирлердин биринде 26 жаштагы келиндин жансыз денеси асынган абалда табылган. Бул өлүм тууралуу коомчулукта түрдүү пикирлер айтылды. Бул видеодо артында 3 баласы калган маркумдун бир туугандары жана жолдошу келиндин өлүмү тууралуу айтып беришти.

«Мындай болуп каларын эч ким ойлогон эмес. Туугандар чогулганда да жолдошу жиберчү эмес. Баары 6 айлык эмчектеги баласын таштабайт болчу деп жатышат. Биз бирөөнү каралагандан алыспыз. Өкүндүргөнү сөөктү супсак сурашты. «Эми биз сөөктү жашыралы дегенбиз» дешти. «Сөөктү бербейбиз, эшигиңдин алдында кантип отурам» деп айттым. Үн катышкан жок. Акыйкатта, карындашымдын сөөгү кудалар тараптыкы. Ошол жерде «жок, ортодо 3 бала бар, бизден ала албайсыңар» дегенде калмакпыз. Андай болгон жок. Күйөөсү сөөк койгонго келген жок. Менин карындашым өтө назик, туруктуу, чыдамкай эле. Чыдамкайлыгынан ушинтип калдыбы деп ойлойм», — деди агасы.