Сооронбай Жээнбеков бүгүн Дубайдан кайтып учуп келди

2020-жылы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы нааразычылык жаратып, анын жүрүшүндөгү окуялардан улам бийликтен кеткен Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-февралда Дубайдан Бишкекке кайтып учуп келди. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине аталган каттам менен кошо учуп келген жүргүнчүлөрдүн бири билдирди.

Кечээ, 18-февралда президент Садыр Жапаров мурдагы президенттердин башын бириктирип, бир столго чогултканын жарыялады. Мамлекет башчысынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев мурдагы президенттердин жолугушуусу нейтралдуу жерде өткөнүн кабарлаган.