Чуңкурчактагы иш-чарага бийлик өкүлдөрүнүн жоон тобу барды

Бүгүн, 31-августта Чүйдөгү Чуңкурчак жайлоосунда Эгемендүүлүк күнүнө жана Байтик баатырдын 200 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара өтүп жатат.

Салтанатка президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен барды. Андан тышкары, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, мурдагы президенттер Сооронбай Жээнбеков менен Роза Отунбаеваны көрүүгө болот.

Ошондой эле соцтармактагы баракчаларында айрым депуттар аталган жайлоодо түшкөн сүрөттөрү менен бөлүшүп жатышат.