“SOS — Балдар айылдары Чолпон-Ата” мекемесинин тарбиялануучулары Японияга окууга жиберилет

Кыргызстандын Япониядагы элчилигинин жана Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин алдындагы Япония таануу институтунун көмөк көрсөтүүсүндө 13-июнда япониялык ишкерлердин Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында, Кыргыз-Япон достук фондунун негизинде, фонддун жетекчиси Тетсуя Асано менен “SOS — Балдар айылдары Чолпон-Ата” мекемесинин директору Нурбек Богачиевдин ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Кол коюлган документтин алкагында Достук фонду аталган мекеменин тарбиялануучуларын окутууну каржылап, Японияга окууга жиберүүнү көздөп жатат. Япониянын IBS жана DM Solutions компаниялары Достук фондунун демөөрчүлөрү катары иш алып барышат, алар Кыргызстанда өндүрүлгөн балды Япониянын рыногуна активдүү жайылтышат жана бал сатуудан түшкөн кирешенин бир бөлүгү Кыргызстандагы коммерциялык эмес долбоорлорго жумшалат. Иш-чаранын аягында балдарга япон сувенирлери, канцеляриялык буюмдар жана таттуулар берилди.