«Сосновка» жана «Арал» постторундагы чектөөлөр алынды

«Сосновка» жана «Арал» постторунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу ӨМКден билдиришти.

Бүгүн, 23-ноябрда таң эрте Бишкек-Ош унаа жолунда кар жаап жаткандыгына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында аталган постторго оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилген.