Жайыл районунун «Сосновка» постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө бүгүн, 9-ноябрда саат 08:00дө, Токтогул районунун «Арал» постунда саат 08:30да алынды. Ал эми Талас районунун Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 36-чакырымынан оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө саат 9:00 баштап алынды.
Кечээ, 8-ноябрда унаа жол тайгак болуп жатканына байланыштуу Токтогул районунун “Арал”, Жайыл районунун “Сосновка” жана Талас районунун Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 36-чакырымына оор жүк ташуучу унаалардык бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилген.