«Сосновка» менен «Арал» өткөрмө пункттары ачылды

Бүгүн, 12-январда Чүй облусунун Жайыл районундагы «Сосновка» жана Токтогул районундагы «Арал» өткөрмө пункттары ачылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кечээ, 11-январда Бишкек-Ош унаа жолунда кар жаап жаткандыгына байланыштуу, кырсыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында өткөрмө пункттарына чектөө киргизилген.