«Сосновка» постунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды

Бүгүн, 10-октябрда Чүй облусунун Жайыл районунда Бишкек-Ош унаа жолунда кар жаап жаткандыгына байланыштуу, саат 11:40тан тартып «Сосновка» постунда убактылуу киргизилген чектөө саат 15:00дө алынды. Чектөө жол тыгындарын болтурбоо максатында оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген эле. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Андан тышкары, жерине абалды байкоо жана координациялоо үчүн министрликтин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам топ саат 13:10до Бишкек-Ош унаа жолуна чыгышты.