«Сосновка» постунда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди

Аба ырайынын кескин начарлашынан улам, «Сосновка» постунда таңкы саат 04:30дан тарта оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.

Азырка тапта Бишкек-Ош унаа жолунда кар жаап, №9 жол тейлөө ишканасы тарабынан жолдун 114-209-чакырым аралыгы жана №23 ЖТИнин кызматкерлери тарабынан 209-250-чакырым аралыктары тазаланып, кум себүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Өлкөнүн башка ашууларында да жааган кар жолчулар тарабынан дароо тазаланып, инерттик материалдар себилип жатат. Каттам бар. Чынжыры жок жана жайкы дөңгөлөк менен чыккан унаалар жолчулардын ишине тоскоол болуу менен жасалма тыгын жана авариялык абал жаратууда.