Сот Алмазбек Атамбаевди камакта калтыруу чечимин чыгарды

Кечээ, 10-декабрда Биринчи Май райондук сотунда мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин кримтөбөл Азиз Батукевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча иши кайрадан каралды.

Анда сот Атамбаевдин баш коргоо чарасын карады. Мамлекеттик айыптоочу Алмазбек Атамбаевди камакта калтыруу сунушун айтып,  сот дагы Атамбаевди камакта калтыруу чечимин чыгарды.

Ал эми жактоочу Замир Жоошев чыккан чечимди мыйзамсыз деп эсептей турганын айтты.