Сот БШКнын Саккараев боюнча чыгарган чечимин күчүндө калтырды

Кечээ, 21-декабрда Бишкек шаарынын административдик соту Борбордук шайлоо комиссиясынын Чүй-Кемин округунан депутаттыкка талапкер болгон Медербек Саккараевдин каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө чечимин күчүндө калтырды.

Сот отурумунда талапкер тарап Казакстандын Ички иштер министрлигинин Миграция кызматынын жана Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин анын казак жараны эмес экени айтылган каттарды көрсөттү. Сот бул документтер БШК чечим кабыл алып жатканда көрсөтүлүшү керек болчу экенин белгиледи.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы 18-декабрдагы жыйынында №31 Чүй-Кемин бир мандаттуу округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон Медербек Саккараевдин каттоосун жокко чыгарган. Мындай чечимге талапкердин БШКга Казакстандын жараны эмес экендигин тастыктаган маалыматты өз убагында бербегендиги себеп болгон.