Сот чечиминен кийин Кумтөр кенин иштеткен канадалык компаниянын акциялары арзандоодо

Кумтөр алтын кенин иштеткен канадалык «Centerra Gold Inc.» компаниясынын акциялары биржаларда тездик менен ылдыйлап жатат. Сүрөттөрдөн көрүнүп тургандай, ылдыйлоо 30 пайыздан көбүрөөктү түзөт. Кескин түшүп кетүү саат 19:30ду көрсөтөт.

Бүгүн, 7-майда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту «Кумтөр Голд Компани» компаниясынан мамлекеттин пайдасына 261 миллиард 719 миллион 674 миң 80 сом өндүргөн чечим чыгарды. Мындай чечим соцтармакка жайылып кеткен соттун чечиминде айтылат.