Сот Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжановдун мандатына байланыштуу арызын канааттандырган жок

Бишкек шаарынын Административдик соту БШКнын борбордук комиссиясынын жогорку билими жѳнүндѳ дипломдору жокко чыгарылгандыгына байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотуу жѳнүндѳ токтомунун мыйзамдуулугун карады. Бул тууралуу БШКдан билдиришти. 

Маалыматка караганда, 3-августтагы соттун чечими менен БШКнын токтомун мыйзамсыз деп таануу жѳнүндѳ Фархат Исмаиловдун административдик доосу канаатандырылган эмес.

Мындан тышкары4-августа БШКнын токтомун мыйзамсыз деп таануу жѳнүндѳ Фарходбек Алимжановдун административдик доосу да канаатандырылган эмес. Соттун чечими 30 күндүн ичинде даттанылышы мүмкүн.