Сот «Кумтөр Голд Компани» компаниясынан дагы 2 миллиард сом өндүрүүнү чечти

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту «Кумтөр Голд Компани» компаниясынан 2,1 миллиард сомдон ашык каражат өндүрүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

«Соттун 14-майдагы чечими менен Салык кызматына караштуу Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө департаментинин «Кумтөр Голд Компани» ЖАКка карата камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды өндүрүү жөнүндөгү доо арызы канааттандырылды. Компаниядан камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 2 миллиард 105  миллион 631 миң сом жана мамлекеттин эсебине 10 миллион 583 сом мамлекеттик алым өндүрүү чечими кабыл алынды», — деп айтылат маалыматта.

Тараптар 30 күндүн ичинде бул чечимге карата апелляциялык тартипте даттанса болору кошумчаланды.