Бүгүн, 23-мартта Биринчи Май райондук сотунун имаратына Кой-Таш окуясы боюнча соттук процесске оор абалда алып келинген мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге Тез жардам чакыртылды. Бирок соттук залга кире электе анын кан басымына байланыштуу өзүн начар сезип жатканы маалымдалып, азыркы тапта мурдагы президентти дарыгерлер карап жатканы айтылды.
Мурдагы президенттин жактоочуларынын айтымында, Атамбаев сотко ден соолугу начар болуп жатканына карабай, күчтөп алып келинген.
Видеодон эшикте кар жаап жатса, Атамбаевдин жука кийимчен экенин көрүүгө болот. «Аны камерадан күчкө салып, футболкачан алып келишиптир», — деди адвокаты.