Бишкектеги жаңы аялдаманын жылынуучу бөлүгүн ижарага берип салышканбы? Мэриянын жообу

Социалдык тармактын колдонуучусу Киев менен Совет (азыркы Абдрахманов) көчөлөрүнүн кесилишиндеги жаңы аялдаманын эл жылынуучу бөлүгү ижарага берилип кеткенин айтып, нааразы болду.

Колдонуучу ал 2 бөлүктө тең кофе саткан жай ачылганын билдирди. Буга байланыштуу Бишкектин вице-мэри Максат Сазыкулов журналисттерге маалымат берди.

«Август айында аялдама курулган. Ошол эле түнү саат 2лерде ажаткана болуп кеткени тууралуу сигнал түшкөн. Мен өзүм барып, эмне болгонун көргөм. Бир-эки күн өтүп, кайра ошол эле көрүнүш орун алып, андан сырткары 27 сыра бөтөлкөсүн, таштандыны ыргытып салышканын көрдүк. Кайрадан тазалап чыктык. Ал жердеги тазалыкты, тартипти көзөмөлдөөчү адам керек», — деди вице-мэр.

Жакын жерде иштеген ижарачылардын бири аялдамадагы тазалыкты сактап берем, кофе сатып акча табуу мүмкүнчүлүгүн айткан. «Албетте, барып жылынууга тыюу жок. Бул жердеги тазалык маселесин азырынча ушундай жол менен гана чечсе болот. Биз жакшы болот десек, адаттагыдай болуп калды», — деди ал.